30-ноябрда Каракол шаарында кышкы туристтик сезон салтанаттуу түрдө ачылды.
Каракол тоо лыжа базасы жаңы сезонго расмий түрдө эшиктерин ачты. Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, туризм тармагынын адистери, Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери жана шаар тургундары менен коноктор катышты.
Учурда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тыкыр көзөмөл жүргүзүп, адаттагыдай эле Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы туристтердин коопсуздугун камсыз кылышмакчы. Мындан тышкары, келген конокторго сервисттик тейлөө көрсөтүү жана ыңгайлуу шарт түзүү боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.



