7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Темирлан Султанбеков: КЭДП партиясы БШКнын чечимдерин сатып алууга аракет кылууда

1068

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков КЭДП партиясынын өкүлдөрүн Борбордук шайлоо комиссия мүчөлөрүнө пара берип, чечимдерди сатып алууга аракет кылууда деген оюн бөлүштү.

«КЭДП партиясы АШКга, БШК өкүлдөрүнүн артынан калбай асылып жүрүп, өздөрүнүн шайлоодогу мыкаачылыгы жөнүндө эч кандай далил жок деген жалган маалыматтарды жарыялап жатат. Сыягы, алар чечим кабыл алуучуларга пара берүүгө аракет кылып жатышат.  Өлкөнүн жетекчилиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, БТИК, УКМКнын жетекчилиги, Ички иштер министрлиги паракорчулукка тиешеси бар партияларга карата аракетин көрсөтсүн! 

Угушумча өлкө жетекчилиги менен УКМК Эмгек партиясы тарабынан мыйзам бузуу фактылары жок деп ойлошот экен.  Мен эртеге Президентке, Башкы прокуратурага, УКМКга, Ички иштер министрлигине аларга туура эмес маалымат берилип жаткандыгы тууралуу кат жолдойм.  С.Жумабеков баш болгон УКМКнын өздүк курамы, субъективдүү себептер менен пара берген партияларды жашырбай, УКМКнын Төрагасынын жана өлкө жетекчилигинин таза шайлоо өткөрүү чечимине баш ийүгө милдеттүү.» -деп жазат өздүк баракчасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069