Бишкекте унааларды сатууга байланыштуу ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга шаар тургуну кайрылып, М.Б. аттуу жаран ишенимине кирип, унаа салонунан 250 миң долларлык 15 унааны карызга алып, акчасын бербей качып кеткенин билдирди.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Ыкчам иштердин жыйынтыгында 1974-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.



