7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет

2

25-апрелде Бишкек шаарында «Create4 Design» аттуу креативдүү индустриялык фестиваль уюштурулат. Бул иш-чара Кыргызстандагы креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган эң ири платформалардын бири болуп эсептелет.

Фестиваль «жаратмандардын» — чыгармачыл адамдардын коомчулугун бириктирип, идеяларды жана маданий мурасты жаңы өнүмдөргө, кызматтарга жана экономикалык мүмкүнчүлүктөргө айлантууга шарт түзөт. Адистердин айтымында, креативдүү экономика бүгүнкү күндө заманбап экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Санариптештирүү жана билим экономикасынын өсүшү шартында бул тармак инновациянын, жумуш менен камсыз кылуунун жана экспорттун маанилүү кыймылдаткыч күчүнө айланып жатат.

Кыргызстанда креативдүү индустрияларды өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде да колдоого алынууда. Бул багыт өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында чагылдырылып, анда инновациялык ишкердикти колдоо, санариптик трансформация жана адам капиталын өнүктүрүү негизги артыкчылыктар катары белгиленген.

3