Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К.И. жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды. Алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн жарандан 2 миң АКШ долларын талап кылышкан.
170 миң сом алып жаткан учурда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



