Жаандан кийин Бишкектеги Улуттук госпиталдын бир бөлүмүн суу каптады.
Оорукана мындай жагдай суу түтүктөрүнө гигиеналык каражаттардын, бахила, салфетка өңдүү акыр-чикирдин толуп калышынан улам чыкканын билдирди. Мындан улам жер төлөнү суу каптаган.
Авариялык кызмат баарын тазалап, канализациялык система оңдолгону айтылды. Азыр Улуттук госпиталдын Тез жардам бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат.



