7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлчө шаарында ипотекалык турак үйлөр курулат

19

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө, Алай районунун тургундары менен жолугушууда берилген тапшырманын негизинде, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев аймакка жумушчу сапар менен барды.

Жумушчу сапардын алкагында алгач Алай районунун Гүлчө шаарына барып, ипотекалык турак үйлөр курулуучу аймак менен таанышты. Аталган долбоор мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында ишке ашырылып, жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылууга багытталган. Долбоорго ылайык, Гүлчө шаарында көп батирлүү турак үйлөр курулат, анда бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлер каралган.

Мындан тышкары, жашоочулар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү максатында балдар аянтчалары, эс алуу зоналары, унаа токтотуучу жайлар жана башка социалдык инфраструктура куруу пландалууда. Бул долбоор аймактагы турак жай маселесин чечүүгө өбөлгө түзүп, Гүлчө шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Мамлекеттик Ипотекалык Компания (@gik.gosipoteka)

20