7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Борбор Азиядагы криптоиндустрия борборуна айланабы?

215

Акыркы жылдары Чанпэн Чжао жана Джастин Сан сыяктуу дүйнөлүк криптоиндустриянын ири өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу күчөп жатканы байкалууда.

Эксперттердин баамында, бул көрүнүш өлкөдө 2022-жылы кабыл алынган криптовалюталар боюнча мыйзамдар менен байланыштуу. Аталган мыйзамдардан кийин Кыргызстан күтүүсүздөн криптомиллиардерлер жана блокчейн-компаниялар үчүн жаңы багытка айланып бара жатат. Бул тууралуу 2,5 миллион каталуучусу бар @DeCenter Телеграм каналы жазды.

“Эгер мындай кызыгуу мындан ары да уланса, Кыргызстан Борбор Азияда Дубай Жакынкы Чыгыш үчүн кандай роль ойногондой эле, криптоиндустриянын борборуна айланышы мүмкүн. Адистердин пикиринде, бул өлкөгө жаңы инвестицияларды тартууга, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк ачат. Мындай шартта Кыргызстан келечекте криптодолбоорлорду ишке киргизүү, инвестиция тартуу жана жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча региондогу негизги хабдардын бирине айланышы ыктымал”,- деп жазылат маалыматта.

 

216