7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ШКУ өлкөлөрү саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты арттырат

19

Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар демилгелерди сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, демилгелер Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинде айтылган.

Анда мүчө мамлекеттер тарабынан Кыргызстандын саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндө ШКУнун Диалогдук онлайн платформасын түзүү демилгеси колдоого алынды. Жаңы механизм тажрыйба алмашуу жана улуттук саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүдө макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу үчүн туруктуу иштеген эксперттик аянтча болууга багытталган.

Мындан тышкары, катышуучулар ШКУнун Медициналык туризм альянсын түзүү концепциясынын долбоору тууралуу демилгени андан ары иштеп чыгууну макулдашты.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов заманбап чакырыктар аракеттерди бириктирүүнү, үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууну жана кызматташтыктын практикалык механизмдерин талап кыларын белгиледи.

20