Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, иш сапары менен Казакстан Республикасына барды.
Маалым болгондой, өлкө башчынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. Аэропорттун флагштокторуна Регионалдык экологиялык саммитке (РЭС) катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров РЭС пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат.



