Кыргызстанда биринчи жолу жүрөктүн митралдык клапаны катетер менен алмашты. Бул тууралуу Азаттык басылмасы жазды.
Мурда кыргызстандык бейтаптар мындай операция жасатуу үчүн чет өлкөгө барышчу. Адистер митралдык клапанды скальпелсиз алмаштыруу кыргыз медицинасы үчүн чоң жаңылык экенин белгилешет.
Жүрөктүн сол карынчасы менен сол дүлөйчөнүн ортосунда жайгашкан митралдык капкакча (клапан) канды артка кетирбей көзөмөлдөп турат.
Адистер аны бычак тийгизбей алмаштырган TMVR (Transcatheter Mitral Valve Replacement) ыкмасына Кыргызстан коңшуларынан биринчи болуп өткөнүн айтышууда.
Бишкектеги алгачкы операция атайын Түркиядан келген кардиохирург Левент Коркмаздын катышуусунда жасалды.
“Мурда клапанды алмаштыруу үчүн көкүрөктү ачууга туура келчү. Азыр болсо клапанды жоон сандагы кан тамырга киргизген катетер менен алмаштыруу — чоң мүмкүнчүлүк, чоң кадам. Себеби, бул операция Орто Азияда биринчи жолу бизде жасалды. Мурда жүрөгүнөн операция болгон адамдар кезектегисин көтөрө албай калышы мүмкүн. Ошон үчүн бейтаптарга ушул операция сунушталып, алар аргасыз чет өлкөгө барышчу. Азыр болсо өз өлкөсүндө коопсуз операция болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду”-, дейт “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери, кардиохирург Асан Назаров.
Адистер соңку жылдары жүрөк-кан тамыр оорулары жашарып, өлүмдүн бардык учурларынын 52,3% түзүп жатканын айтып келишет. Дартка чалдыккандардын басымдуусу эмгекке жарактуу курактагылар.
Мындан улам былтыр “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын “Саламат жүрөк” улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол коюлган. Ага ылайык, жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулары алып келген өлүм учурларын 25% азайтуу жана социалдык-экономикалык жүктү жеңилдетүү милдети коюлган.



