Коронавирус күндөн-күнгө күчөп жаткан Индияда абал өтө коопту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Индия коронавируска байланыштуу рекорддордун туу чокусуна жетип, бир күндө жүз миңдеген жарандар каза болушууда.
Өлкөнүн салматтыкты сактоо тутумунун алы жетпей, коронавирустан каза болгон адамдардын денелерин көчөлөрдө өрттөөгө өттү. Көпчүлүк ооруканада орун жана керектүү дары-дармектер жок болгонуна байланыштуу алар бейтаптарды кабыл ала албай жатышат.
Азыркы тапка Индияда 17 миллион адам коронавирус илдетин жуктуруп алган, алардын ичинен 192 миң бейтап оорудан көз жумган. Бирок бул официалдуу гана сандар, реалдуу жашоодо ооругандар жана каза болгондор мындан да көп.
«Биз биринчи толкун бүткөндө ооруну жеңдик деп ойлогонбуз. Бирок экинчи толкун бүткүл улутту дурбөлөңгө салды», — деп билдирген өлкөнүн премьер-министри.
Көптөгөн Европа өлкөлөрү Индияга жардам берүүгө даяр экендигин билдиришкен.