7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдейт

23

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолукту. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы алакалар талкууланып, тараптар парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү боюнча ой бөлүштү.

Маматалиев Кыргызстан эзелтен коңшу жашаган эки элдин байланышын бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.

«Чек аралардын такталышы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрдү. Эми соода-экономикалык жана маданий байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролун күчөтүп, жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүбүз зарыл», – деди ал.

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүү керектигине токтолгон төрага КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

24