Өлкөдө кымыз өндүрүүгө бирдиктүү стандарт киргизүү пландалууда
362
Айыл чарба министрлиги кымыз даярдоого бирдиктүү стандар киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматта учурда кымыздын сапаты боюнча бирдиктүү стандарт жок экенин, аны жасоодо ар кандай технология колдонулары айтылат. Бул «Кыргыз кымыз» аталышындагы туруктуу улуттук брендди ички жана тышкы рынокко чыгарууну кыйындатууда.
«Маселени чечүү үчүн кымыз өндүрүшүн стандартташтыруу, брендди ар кандай көргөзмөлөрдө илгерилетүү, ошондой эле логистика жана таңгактоо системасын өнүктүрүү пландалып жатат», — деп айтылат кабарда.
Министрлик бул чаралар кымыздын сапатын бир калыпка келтирүүгө жана анын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Бүгүн, 6-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдайт. Борбор калаада түнкүсүн абанын табы +5…+7,
Бүгүн, 5-ноябрда Миграция министри Алмаз Имангазиев БУУнун Башкы катчысынын орун басары Армида Салсиа Алишахбана менен жолугушту. Жолугушууда улгайган жарандарды социалдык
Кыргызстанда насыя алууга өзүнө-өзү ыктыярдуу тыюу салуу механизми иштей баштаганына бир жыл болду. Улуттук банктан билдиргендей, бул мүмкүнчүлүктү бир жыл
Талас облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты 1–8-ноябрь күндөрү Россия Федерациясында гастролдук сапарда болууда. Маданият министрлиги билдиргендей, гастролдук сапардын алкагында
Бүгүн, 5-ноябрь Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында 16 объекттин ачылышына онлайн күбө болду. Маалыматка
Бүгүн, 5-ноябрда Аймактык өнөр жай форумунун алкагында Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоорду ишке