Кырчын жайлоосуна барчу жол Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 35 чакырымы асфальтталат. Учурда жолдун курулуш ишинин дээрлик жарымы бүттү.
Долбоорго ылайык, унаа жолунун жээгине 500 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай жана ажатканалар курулат.
Ошондой эле суу чыгарылып, жол жээгине бак-дарактар тигилет.
Туристтик зонага алып баруучу негизги жол – Семёнов – Ак-Суу трассасынын 21 чакырымы толук оңдоодон өтөт.
Григорьев – Көл-Кашка-Суу багытында 14 чакырым жол салынып, эки капчыгайды бириктирет.
Аталган долбоор президенттин туристтик зоналарга баруучу жолдорду куруу боюнча тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.



