Чүйдүн Бир-Булак айылында жаштарды, эксперттерди жана ар түрдүү кесип ээлерин бириктирген “Көндүмдөр кербени” аттуу ири билим берүү иш-чарасы болуп өттү.
Катышуучулар заманбап, талап кылынган көндүмдөр менен таанышып, мастер-класстарга катышып, карьера боюнча кеңештерди алышты жана онлайн билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Долбоор Швейцариянын “Чебер” демилгеси жана ЦИТО коомдук фонду тарабынан колдоого алынууда.
Уюштуруучулардын белгилешинче, бул башталышы гана. “Көндүмдөр кербени” мындан ары да өз ишин улантып, өлкөнүн башка аймактарын камтыйт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



