Краснодар крайынын Туапсе шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан өрттөн кийин кайнаган мунай көчөнү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башчысы билдирди.
«Үчүнчү резервуардан мунай заттары кайнап, ташып, натыйжада жолду каптап, бир нече автоунаа зыян тартты», — деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү.
Губернатор жергиликтүү тургундарды эвакуациялоону тапшырды.
«Astra» Телеграм каналы билдиргендей, окуя Кошкин көчөсүндө болгон. Бийлик өкүлдөрү Кошкин, Пушкин көчөлөрүнүн жана ага жанаша жайгашкан капчыгайлардын тургундарын эвакуациялады.
Туапседеги заводдогу ири өрт 28-апрелге караган түнү Украина дрондорунун соккусунан кийин башталган. Бийликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жок. Шаарда аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Бул эки аптанын ичинде Туапсеге жасалган үчүнчү чабуул, ал өрт жана олуттуу экологиялык кесепеттерге алып келди.



