Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарында Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Мамлекет башчынын сөзү:
“Урматтуу Фор Гнассингбе мырза,
Урматтуу делегация мүчөлөрү,
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Бүгүн биз маанилүү тарыхый окуянын күбөсү болуп турабыз.
2015-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Тогонун жогорку жетекчилиги Кыргызстанга жасаган биринчи расмий жогорку деңгээлдеги сапары болууда.
Бул жалпы жонунан алганда Африка өлкөсүнүн лидеринин өлкөбүзгө жасаган тарыхтагы алгачкы жогорку деңгээлдеги сапары болуп эсептелет.
Учурдан пайдаланып, урматтуу Фор Гнассингбе мырзага чакыруумду кабыл алганыңыз жана узак жолду басып өткөндүгүңүз үчүн ыраазычылык билдирем.
Бүгүн биз достук атмосферада мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкууладык.
Жыйынтыгында маанилүү макулдашуууларга жетиштик.
Географиялык алыстыкка карабастан, биз Тогону жаңы дипломатиялык өнөктөш катары гана эмес, жалпы максаттарды бөлүшкөн руханий жактан жакын дос катары көрөбүз.
Бүгүнкү күндө эл аралык чыңалуу күчөп жаткан шартта достукту чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана кызматташууну бекемдөө өзгөчө мааниге ээ.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Бул сапар Кыргызстандын Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабынын башталышын билдирет. Африка – дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан аймактардын бири, ал эми Того – уникалдуу маданий мураска бай жана өз аймагында маанилүү орунду ээлеген өлкө. Андыктан бул келечектүү аймак менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду түзүүгө кызыкдарбыз. Өткөн жылы биз Эфиопияда Кыргыз Республикасынын Элчилигин ачтык, ал эми жакын арада Мисирде дагы ачабыз. Кыргызстан, өз кезегинде, 2021-жылдан бери экономикалык өсүш боюнча жогоркукөрсөткүчтөргө жетишти. Ошентип, акыркы жылдардагы экономикалык өзгөрүүлөр өлкөлөрүбүздү бириктирип турат. Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында энергетика, санариптик өнүгүү, билим берүү, финансы жана маданият жааттарында бир нече сунуштар айтылды. Ошондой эле, эки өлкөнүн келишим-укуктук басазын түзүү үчүн биз бир катар маанилүү келишимдерге кол койдук.
Алар айыл чарба, жогорку билим берүү, маданият, инвестиция, санариптик өнүгүү тармактарында кызматташууну илгерилетүүгө багытталган жана жаңы перспективаларга жол ачат.
Мындан тышкары, өлкөлөрүбүз Бириккен Улуттар Уюму жана Африка Биримдиги сыяктуу эл аралык жана аймактык аянтчаларда ийгиликтүү кызматташып келет.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын февраль айында Кыргызстан Африка союзунда байкоочу макамын алды.
Кыргызстан тынчтыкты орнотууга, адам укуктарын сыйлоого, өнүгүп келе жаткан жана чакан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өзүнүн реалдуу салымын кошууга умтулат.
Ушуга байланыштуу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду.
Бул демилгебизди колдоого Того Республикасы даяр экендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Жалпысынан алганда, Кыргызстан Африкада ишенимдүү өнөктөшкө, ал эми Того Евразиянын борборунда жайгашкан Борбор Азияда чыныгы доско ээ болууда деп ишенебиз.
Урматтуу Фор Гнассингбе мырзанын алгачкы расмий сапары кыргыз-того кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө, бири-бирибиздин уникалдуу маданиятыбызды жана салттарыбызды өз ара таанып-билүүгө, ошондой эле континенттердин ортосунда жаңы достук көпүрөлөрүн курууга бекем негиз түзөт деп ишенебиз.
Көнүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”



