Агартуу министрлиги 2015-жылдагы №572 токтомун өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
«Жумушчу топ мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана эксперттердин пикирлерин эске алган. Учурда ата-энелер көбүнчө балдарына “үстү ачык, асты кочкул” деген талапка ылайык форма тандап келишет.
Белгиленген эрежеге ылайык, кыздар жана балдар үчүн мектеп формасы классикалык стилде болуп, кара, боз, көк өңдөрдө тигилет. Көйнөктөр ачык түстө болушу керек, ал эми жалпы форма 3төн ашпаган түстүн айкалышынан турушу зарыл»- дейт министрлик.
Адистердин айтымында, бирдиктүү мектеп формасы окуучулардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, ашыкча атаандаштыкты алдын алууга жардам берет.



