Театралдык гүл бакчасында фонтанды оңдоо иштерин «Азия Строй Групп» ЖЧКсы аткарды. Реконструкциянын жүрүшүндө фонтан толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылды. Архитектуралык формалары заманбап материалдар жана жабдуулар менен калыбына келтирилип, жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду, айлана-тегерегине таман таштар төшөлдү. Ал эми Уркуя Салиева аянтындагы фонтанды «Гранд ПРО» ЖЧКсы реконструкциялады. Бул жерде заманбап технологиялар колдонулуп, жарык-музыка менен коштолгон «бийлеген» фонтан системасы орнотулду. Сууну чыпкалоо жана жалбырак чогултуу системалары да орнотулган. Айлана-чөйрө жакшыртылып, жаңы таман таштар, отургучтар жана таштанды челектери орнотулган.
Бишкек шаарында шаар күнүнө карата капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алар — Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында жайгашкан фонтан жана Уркуя Салиева аянтындагы фонтан.
«Эки объект тең белгиленген жол-жоболорго ылайык пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи шаар тургундары үчүн маанилүү окуя жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду»-, деп жазылат маалыматта.



