Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбыек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин жумуш формасына байланыштуу тескемеге кол койду.
Ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери пиджак кийүүдөн баш тартып, көйнөк менен иштеши керектигин билдирди.
Касымалиевдин айтымында, тескеме эртеңден тарта толук колдонууга кириши керек. Ал бул чара электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берерин белгилеп, аткаминерлери кондиционерди азыраак колдонуу үчүн галстуксуз көйнөк кийүүгө өткөн Японияны мисал келтирди. Бул ыкма ири каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берген.
Министрлер кабинетинин төрагасы азыр көптөр костюм менен иштеп, кондиционерлерди күйгүзүп жатканын айтты. Эгер кызматкерлер жеңилирээк кийим кийсе, кондиционерге болгон муктаждык азаят.
«Муну менен электр энергиясын үнөмдөй алабыз», — деди ал.



