7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз өкмөтү Пакистан аркылуу деңиз соодасына чыгууну көздөйт

1008

Кыргыз өкмөтү ачык деңизге чыгып соода сатык жүргүзүү  үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдаланууну көздөйт.

Бүгүн, 26-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө  соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси айтылган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ачык деңизге чыгуу үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдалануу келечегин жана «CASA-1000» долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1009