7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Кыргызстандагы араб кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту

680

Кечээ, 26-апрелде министр Руслан Казакбаевдин Кыргызстанда иштеп жаткан араб кайрымдуулук фонддорунун жана уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга «Бүткүл дүйнөлүк мусульман жаштары ассамблеясынын», «Катар Чэритинин», «Ас-Санабилдин», «Хьюман Эпил Интернэшнлдин», «Ас-Салямдын», «Смарт Дженерейшндин», «Ас-Сафанын», «Ихсан Хайриянын» жана «Исардын» өкүлдөрү, ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары А.Солтонбекова катышышты.

Министр Руслан Казакбаев Кыргызстандын айрым бөлүктөрүндөгү мамлекеттик программалар жана социалдык керектөөлөр: мектептерди, ФАПтарды куруу, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу ж.б. менен фонддордун ишин координациялоонун маанилүүлүгүнө басым жасады.

Муну менен катар, баарлашуу жүрүшүндө көйгөйлүү маселелер да, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча фонддордун жетекчилеринин сунуштары айтылды. Мында, уруксат кылуучу документтерди алууда жана мамлекеттик органдар менен долбоордук документтерди макулдашуунун; көрсөтүлгөн жардамдын жана анын алуучуларынын маалыматтык базасын өркүндөтүү; ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу ж.б. кыйынчылыктары белгиленди
Сунуштар катары, жолугушуунун катышуучулары бир добуштан фонддордун жана адистештирилген бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңеш түзүү зарылдыгына макул болушту.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681