Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Россияга болгон иш сапарынын алкагында россиялык кесиптеши Михаил Мурашко менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек министрлиги билдирди.
Жолугушууда Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн медициналык камсыздандыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдетилген шартта ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полистерин берүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Мындан тышкары, Кыргызстанда берилген медициналык текшерүүнүн жыйынтыктарын Россияда таануу сунушу көтөрүлүп, бул мигранттар үчүн документ иштерин жеңилдетери белгиленди.
Тараптар медицина кызматкерлерин даярдоо, жогорку технологиялык медицина, санариптештирүү жана санитардык коопсуздук боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү да талкуулашты.



