7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк Кореялык делегация «Наристе» фестивалына катышуу үчүн Бишкекке келди

169

Бүгүн, 2026-жылдын 29-майында, саат 17:45те Түштүк Кореядан келген делегация VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалына катышуу үчүн Кыргызстандын борборуна келди.

Делегациянын курамында өз өлкөсүнүн балдар фольклордук искусствосун жана маданий каада-салттарын тааныткан 28 катышуучу бар.

Түштүк Кореядан келген делегациянын катышуусу фестиваль эл аралык деңгээлде өтүп жатканын жана өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтык кеңейгенин баса белгилейт.

Бул жылы фестиваль дүйнө жүзүндөгү катышуучуларды бириктирип, бир катар концерттик, билим берүүчү жана маданий программалардын форматында өтүүдө.

VI Эл аралык балдар фольклордук «Наристе» фестивалы салттуу түрдө улуттук маданиятты, музыканы жана бийди тааныткан балдар коллективдеринин башын бириктирип, маданий диалог жана чыгармачылык тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзөт.

170