7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган фестиваль өттү

12

Бишкек шаарында балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми” аттуу майрамдык фестиваль уюштурулду.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багында балдар үчүн ар түрдүү интерактивдүү аянтчалар даярдалды.

Фестивалдын максаты- балдардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана улуттук маданиятты даңазалоо болуп саналат. Иш-чарага Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, балдарды майрамы менен куттуктады. “Балдарды шыктандыруу менен өнүгүшүнө мыкты шарт түзсөк, анда биз сапаттуу жашоого ээ болобуз. Биздин балдар — биздин байлык”,- деди министр.

Фестивалдын жүрүшүндө улуттук оюндар, бийлер, боз үй тигүү, улуттук аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар, ошондой эле робототехника, 3D дизайн, сүрөт өнөрү жана спорттук оюндар уюштурулду.

13