Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча акыркы мөөнөт белгиленди
302
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк каттоо белгилери бар унааларды легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүүсүн жөнгө салуу тууралуу Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет:
▪️ Унааны акыркы жолу легалдаштыруу; ▪️ Өлкө аймагынан чыгарып кетүү; ▪️ Запастык бөлүктөргө сатуу; ▪️ Утилдештирүү.
Легалдаштыруунун кошумча тартиби 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга киргизилген жана каттоодон өтпөгөн унааларга гана тиешелүү болот.
1-сентябрдан кийин легалдаштырылбаган унааларды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салынат. Талаптарды аткарбаган транспорт каражаттары соттун чечими менен атайын токтотуу жайларына коюлуп, кийин утилдештирилиши мүмкүн.
Ошондой эле мындай унааларды атайын токтотуу жайларында сактоо үчүн жеңилдетилген тариф — суткасына 50 сом өлчөмүндө белгиленет.
2026-жылдын 4-октябрында Суучулдар кызматынын суучулдары тарабынан Токтогул суу сактагычында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо иштеринин жүрүшүндө суу сактагычтын түбүнөн: жалпы
Буга чейин Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков журналист Ыдырыс Исаковду дебатка чакырганын айткан эле. Эми Ыдырыс Исаков министрдин дебатка чакыруусун
Бүгүн, 4-октябрь күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Талас
Бүгүн, 3-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +6…+11 күндүз +24…+29
Абу-Даби деңиз академиясы (ADMA) жана “Кыргыз Спутник” Кыргызстандын Улуттук космос программасын колдоо боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу AD Ports
Бишкекте улуттук Asman Airlines авиакомпаниясы авиация тармагында иштегиси келгендер үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү. Иш-чарага кызыгуу абдан жогору болуп, жалпы