Ош шаарында жер алдынан жана үстүнөн унаа каттамы, ал эми айлампадан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Анда өтмөк үч деңгээлден турары белгиленген.
Маалым болгондой, алдынан жана андан кийинки катардагы жолдон автоунаа жүрүп, жер үстүнө салынган айлампадан жөө адамдар өтүшөт.
Мэрия Кулигов — Курманжан датка багытында алты тилкелүү жол каралганын, ал эми Касымбеков — Осмонов багытында сегиз тилкелүү жол болорун белгиледи.
Өтмөктүн эл өтө турган сегиз тарабында тепкич, төрт тарабында пандус болот.
«Аталган жумуштар унааларды жөнгө салып, тыгынды жоюп, жол коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда», — деп айтылат маалыматта.



