Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны үй-бүлөсү багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу төлөмдөрдү алуу боюнча кайрылган.
Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылуулар жөнөтүлгөн.
Анын жыйынтыгында, 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү берилди.
Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу каражаты дайындалганы маалым болду.



