Бишкек шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү BMW iX3 Night Run түнкү чуркоосу өттү. Иш-чара 13-июнь күнү уюштурулуп, ага жалпысынан 3500 адам катышканын мэриядан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында жаңы BMW iX3 үлгүсүндөгү автоунаанын бет ачары да болду.
Катышуучулар 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркап, жарышка кесипкөй спортчулар, чуркоо сүйүүчүлөрү жана 14 жаштан жогорку мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга медалдар менен сертификаттар тапшырылды.



