7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадрдык өзгөрүү: Кимдер жумуштан кетти?

272

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева жана Азамат Кадыров ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева дайындалды.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директорлугуна Жаныбек Орозалиев келди. Мэрдин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Муратбек Атай дайындалды. Тиешелүү тескемелерге Айбек Джунушалиев кол койгон. Мындан тышкары, Биринчи Май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкеевага жана Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаиловага карата кызматтык иликтөө дайындалды. Алар иликтөө аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Мэрия жакынкы күндөрү дагы кошумча кадрдык чечимдер тууралуу маалымат берилерин билдирди.

273