7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кытайдагы кыргыздар тууралуу сөз болгондо — бөтөн эл катары эмес, өз элибиздин бир бөлүгү катары кароо туура болот»

20
«Кечээ кесиптешим Ыдырыс Исаков дун ютубдагы материалында Садыр Жапаровдун ата-энеси Кытайдан келгенби же ошол жакта жашаганбы деген суроолор козголуптур. Мындай суроолордун чыгышы мыйзам ченемдүү, анткени бүгүнкү мамлекеттик чек аралар пайда боло электе кыргыздар азыркы Кыргызстандын да, азыркы Кытайдын да аймактарында көчүп-конуп, мал багып жашап келишкен.
Кытайдагы кыргыздар тууралуу сөз болгондо бир нерсени так түшүнүү керек. Кытайдын Кыргызстан менен чектеш аймагындагы көптөгөн жерлер тарыхый жактан кыргыздар жашап келген аймактар болгон. Советтик Союз менен Кытайдын чек арасы такталгандан кийин Теңир-Тоонун бир тарабы СССРге, экинчи тарабы Кытайга карап калган. Ошондуктан ал жакта жашаган кыргыздар башка эл болуп калган эмес. Алар дагы биздин эле кыргыздар.
Эгер кыргыз Москвада, Берлинде же Нью-Йоркто жашаса улуту өзгөрүп кетпегендей эле, Кытайдагы кыргыз дагы кыргыз бойдон эле калган. Мунун эң чоң далили бүгүнкү күнгө чейин Кытай картасында кыргызча аталыштар өзгөрбөй сакталып келатканы. Маселен, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, Ак-Чий, Ак-Тоо, Улуучат райондору, Кара-Булак, Кара-Чий, Кызыл-Ой, Бостон-Терек, Көк-Терек, Көк-Жар, Кең-Кыр, Жаман-Суу, Булуң-Көл, Кара-Кече сыяктуу ондогон айыл-кыштактар бар.
Мындан тышкары Кытайда бүгүнкү күнгө чейин Манас району, Манас дарыясы жана Манас көлү деген аталыштар расмий колдонулат. Улуучат, Ак-Чий жана башка аймактарда Манас баатырга арналган эстеликтер, айкелдер жана маданий жайлар сакталып калган. Ошондуктан бүгүн Кытайдагы кыргыздар тууралуу сөз болгондо аларды бөтөн эл катары эмес, тарыхый себептерден улам чек аранын ары жагында калган өз элибиздин бир бөлүгү катары кароо туура болот. Баса, мен ошо Текестемин, бул жактагы кыргыз туугандардан ысык салам! Буюрса байыркы ата-бабалар жайлаган жерлерден, азыркы Кытайдан асыл тукум малдарды Кыргызстанга алып келсек дейбиз. Бул жакта ири фермалар бар экен».
Автор: Тынчтыкбек Алтымышев.
21