7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү узарды

6

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Президенттин Жарлыгына ылайык чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылганын маалымдайт.

Айып короолорунда турган автоунаалардын ээлери транспорт каражаттарын алып чыгып, аймактык ЖКККББ бөлүмдөрүнө кайрылуу аркылуу мыйзамдаштыруу жол-жобосунан өтө алышат.

Мыйзамдаштыруудан мурда бардык айып пулдар жана милдеттүү төлөмдөр толук төлөнүүгө тийиш. Ошондой эле айып короолорунда сакталган автоунаалар үчүн жеңилдетилген тариф каралган: бир суткага төлөм 50 сомду түзөт жана жалпы эсептелген суммадан 50 пайыздык жеңилдик берилет.

Жарандарды мыйзамдаштыруу мөөнөтүн өткөрүп жибербөөгө жана берилген мүмкүнчүлүктөн өз убагында пайдаланууга чакырат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

7