7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев IFRC президенти Кейт Форбсту кабыл алды

185

Адылбек Касымалиев Кейт Форбс менен жолукту.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын президенти Кыргызстанга биринчи расмий иш сапары менен келди.

Жолугушууда тараптар гуманитардык кызматташтык, табигый кырсыктарга каршы аракеттенүү, волонтердук кыймылды өнүктүрүү жана климаттык демилгелер боюнча кызматташууну талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан глобалдык деңгээлде тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү жана профилактикалык дипломатияны илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жатканын айтып, анын ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар волонтердук кыймылды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстанда ыктыярчыларды колдоо боюнча улуттук программаларды иштеп чыгуу демилгелери талкууланды. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Кейт Форбсту 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде IFRC президенти Кыргызстандын табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттык демилгелерди илгерилетүү багытындагы аракеттерин жогору баалады.

186