7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тергөө учурунда тартылган Ташиевдин видеосу боюнча ИИМ маалымат берди

14

Соттолуучу Камчыбек Ташиевдин тергөө учурунда сүйлөгөн видеосу тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов сурообузга жооп берди. 

— 75 аксакалдын кылмыш иши боюнча сот процесси буга чейин жабык режимде өтүп, купуялуулук сакталган эле. Бирок акыркы соттук отурумдан кийин Камчыбек Ташиевдин тергөө маалындагы видеолору социалдык тармактарга тарап кетти. Бул атайын уюштурулган компроматтык кампания эмеспи?

— Алгач соттук териштирүү жабык режимде жүргүзүлүп жаткан. Мындай чечим тергөөнүн кызыкчылыктарын камсыздоо жана күбө катары көрсөтмө берген адамдардын коопсуздугун коргоо максатында кабыл алынган. Бирок кийин соттолуучулар, анын ичинде Камчыбек Ташиев өзү тарабынан сот процессин ачык өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Нурланбек Шакиев менен Курманкул Зулушев дагы ушундай эле талапты коюшкан. Алар коомчулуктун катышуусу менен ачык соттук кароону камсыздоону суранышкан. Бирок сот биринчи жолкусунда алардын өтүнүчүн четке каккан болчу. Андан кийинки сот отурумдарында дагы кайра-кайра сот ачык өтсүн деген талапты коё беришти. 

Сот экинчи жолку өтүнүчтөрүн канааттандырып, иш боюнча мурдагы купуялуулук режими алынып калды. Натыйжада соттук процесске байланышкан маалыматтар ачык мүнөзгө өттү. Мындан ары баары ачык болот. Себеби, соттолуучулар өздөрү ачык болсун дешти.

Ал эми тергөө маалында тартылган видеолордун социалдык тармактарга тарашы атайын уюштурулган аракет же кандайдыр бир саясий максатты көздөгөн кадам катары каралбашы керек. Бул маселеге саясат аралаштырылбашы керек деп эсептейбиз. 

Тергөө учурунда тергөөчүнүн чечими менен видео материалдар тартыла берет. Бирок кайдан кантип чыгып кеткенин билбейм.

Эскерте кетсек, аталган видеодо Камчыбек Ташиев эгер ал камакка алынса анын жердештери жол тосуп, баш аламандык кылышы мүмкүн экендигин айтып жатканын угууга болот.

Булак: koom.press.kg

15