Ош шаарында бардык мечиттердин имамдарына бирдиктүү расмий форма тапшырылды. Демилге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров тарабынан көтөрүлүп, дин кызматкерлеринин сырткы маданиятын жана бирдиктүү стандартын калыптандырууга багытталган.
Иш-чарага Ош шаарындагы казыят өкүлдөрү жана мечит имамдары катышты. Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев бирдиктүү форма имамдардын жоопкерчилигин арттырып, алардын коомдогу расмий статусун жана ынтымагын көрсөтөрүн белгиледи.




