7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абанын сапатын жакшыртуу максатында Бишкек жана Чүйдө жеңилдетилген насыялар берилет

169

Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын тургундары жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, насыя Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундарына дагы берилет.

Каржылоо өлкөнүн ири банктары — «Элдик Банк», «АБанк» жана «Бакай Банк» аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоордун шарттарына ылайык, жеңилдетилген насыялар жарандар үчүн да, жабдууларды жеткирүүчү ишкерлер үчүн да өз-өзүнчө ыңгайлуу тартипте каралган.

Калк үчүн каржылоо шарттары:

  • насыянын суммасы – 1 млн сомго чейин;
  • насыялоо мөөнөтү – 60 айга чейин;
  • пайыздык чен – жылдык 6%.

Жабдуу жеткирүүчүлөр үчүн каржылоо шарттары:

  • насыянын суммасы – 5 млн сомго чейин;
  • насыялоо мөөнөтү – 60 айга чейин;
  • пайыздык чен – жылдык 10%.

Жеңилдетилген каржылоо төмөнкү жабдууларды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга берилет:

Каржылоо жылуулук насосторун, электр казандарын, күн панелдерин, энергия топтоо системаларын жана башка экологиялык таза энергия жабдууларын сатып алууга жана орнотууга багытталган.

170