«Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, кыргызстандык белгилүү сүзүүчү Денис Петрашов АКШда өтүп жаткан эл аралык мелдеште жеңишке жетип, Кыргызстандын жаңы рекордун жаңылады.
Учурда АКШнын Индиана штатындагы Индианаполис шаарында өтүп жаткан TYR Pro Series мелдешинде спортчу 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө алтын медаль тагынды.
Денис Петрашов аралыкты 2 мүнөт 9,16 секундда сүзүп өтүп, Кыргызстандын бул дистанция боюнча жаңы улуттук рекордун орнотту.
Бул жыйынтык кыргызстандык спортчунун эл аралык аренадагы дагы бир ийгилиги болуп, өлкөнүн сүзүү спорту үчүн маанилүү жетишкендик катары бааланууда.



