7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медициналык билими жок туруп адамдарды психотпроптук дары-дармек менен дарылап жүрүшкөн…

26

УКМК күчтүү таасир этүүчү психотроптук препараттарды мыйзамсыз сатып алуу, таратуу жана сактоо менен алектенген бир нече киши кармалганын маалымдады.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы «Аль-Азиз» реабилитациялык борбору мыйзамсыз иш алып барган. Ал жерге ар кандай көз карандылыктан жабыркаган адамдарды жаткырышкан.

Борбордун кызматкерлери тиешелүү билими, лицензиясы жок экенине карабай медициналык кызмат көрсөтүп келишкен. Тагыраагы, курч психологиялык кризисти башынан кечирген адамдарга күч колдонуп, тынчтандыруучу каражаттарды пайдаланып, өлкөдө эркин жүгүртүлүшүнө тыюу салынган күчтүү психотроптук дары-дармектерди беришкен.

Жыйынтыгында А.у.Н. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка тиешеси барлар аныкталып жатат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

27