7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда 10,8 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

235

Жумгал районунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2020-жылы Чаек айыл аймагындагы калктуу конушта жайгашкан 0,21 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталган.

Прокурордук чаралардын натыйжасында баасы 10 миллион 830 миң сом деп бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Башкы прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

236