7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматыдан Ысык-Көлгө түз баруучу жаңы автожол куруу пландалууда

233

Казакстанда Алматыдан Ысык-Көлгө чейин түз баруучу жаңы автожол куруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңы жолдун узундугу болжол менен 100 чакырымды түзүп, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылышы мүмкүн.

Казакстандын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Айдос Көбетовдун айтымында, учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Бул ишке Азия өнүктүрүү банкы да катышууда.

Учурда Алматыдан Ысык-Көлгө чейин болжол менен 400 чакырым жол жүрүп, 6-7 саат убакыт кетет. Жаңы автожол курулса, аралык 100 чакырымга чейин кыскарып, жол жүрүү убактысы кыйла азаймакчы.

Техникалык-экономикалык негиздеме даяр болгондон кийин документ мамлекеттик экспертизага жөнөтүлөт. Андан соң долбоордун экономикалык натыйжалуулугу Казакстан жана Кыргызстан тарабынан бааланып, эки өлкө тең колдоо көрсөткөн учурда автожолду куруу боюнча сынак жарыяланат.

234