7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык күчөтүлдү

226

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы жылуулук тутумдарын оңдоо, турак жайларды жылуулукка кошуу жана отканалардагы оңдоо иштеринен кабар алып, тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен штабдык жыйын өткөрдү.

Жыйында калкты жана социалдык объектилерди көмүр менен өз убагында камсыздоо, отканаларды жана жылуулук түтүктөрүн оңдоону тездетүү, электр тармактарын жаңылоо, жаңы курулган турак жайлар менен социалдык объектилерди жылуулукка кошуу жана көмүр сатуу үчүн кошумча базаларды ачуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мэр бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу аткарууну тиешелүү кызматтардан талап кылды.

227