7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исхак Раззаковдун кызы менен небереси Баткенге келди

19

Бүгүн, 6-июлда мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келишти.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, конокторду Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон облус башчысы Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Сапардын алкагында Элмира Раззакова атасынын туулуп-өскөн жери-Лейлек районунун Коросон айылындагы күмбөзүнө барып, куран окутуп, бата кылды. Зыяратка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана айыл тургундары да катышты.

Ошондой эле сапардын алкагында Элмира Раззакованын Раззаков шаарындагы Исхак Раззаковдун музейлер комплексине барып, Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын жана Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.

Жергиликтүү тургундар Элмира Раззакованы жылуу тосуп алып, Исхак Раззаковдун үй-бүлөсүнө терең урмат-сыйын билдиришти. Алар улуу мамлекеттик ишмердин өлкөнүн өнүгүшүнө жана элге сиңирген эмгегин өзгөчө сыймыктануу менен эскеришти.

20