7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада мыйзамсыз таштанды төгүлгөн айыл өкмөткө айып пул салынды

22

Социалдык тармактарда тараган Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл аймагындагы мыйзамсыз таштанды төгүлгөнү тууралуу маалыматтан кийин текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жеринде иликтөө жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактысы аныкталып, Нурманбет айыл өкмөтүнө протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда аталган аймакты таштандылардан тазалоо иштери «Нурманбет-Биримдик» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана экологиялык талаптарды так сактоого чакырды.

23