Ички иштер министрлиги соңку убакта өлкөдө алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, шылуундар жарандардын ишенимине кирип, чет өлкөдөн автоунааны арзан баада алып келип берүү, инвестициялык долбоорлор аркылуу жогорку киреше убада кылуу, ошондой эле чет өлкөгө жумушка орноштуруу сыяктуу шылтоолор менен ири суммадагы акчаларды мыйзамсыз ээлеп алышууда.
Буга байланыштуу ИИМ жарандарды бейтааныш адамдарга акча бербөөгө, күмөн жараткан сунуштарга ишенбөөгө жана кандайдыр бир келишим түзөрдүн алдында ортомчулардын документтерин жана ишенимдүүлүгүн кылдат текшерүүгө чакырат.
«Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз же ушундай фактыларга туш болсоңуз, дароо ички иштер органдарына же 102 кызматына кайрылыңыз. Сактык чараларын сактоо материалдык чыгымга учуроодон коргойт»,- деп айтылат маалыматта.



