7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан күз-кышка 3,4 млн тонна көмүр камдайт

202

Кыргызстанда быйылкы күз-кыш мезгилине жалпысынан 3 млн 408 миң 566 тонна көмүр даярдоо пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинде өткөн кеңешмеде айтылды.

Маалыматка ылайык, анын 319 миң 437 тоннасы бюджеттик мекемелерге, 1 млн 483 миң 629 тоннасы калкка, ал эми 1 млн 520 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине багытталат.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков белгилегендей, Бишкек ЖЭБи үчүн импорттук жана ата мекендик өндүрүштөгү жогорку калориялуу көмүр колдонулат. Бул жылуулук борборунун туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары, республика боюнча 45 миң 532 тонна жылытуучу мазут даярдоо пландалууда. Анын негизги бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы жылуулук объектилерине жана муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканаларына жөнөтүлөт.

Министрдин айтымында, аймактарда күз-кышка даярдык көрүү боюнча штабдар түзүлүп, даярдык иштерине туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары отун базаларын уюштуруу, көмүр жеткирүү, бюджеттик мекемелерди даярдоо жана жылуулук объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Алтынбек Рысбеков күз-кыш мезгилине даярдык энергетикалык системанын ишенимдүү иштешин камсыздап, калкты жана экономиканын бардык тармактарын электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган комплекстүү иш экенин белгиледи.

203