7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө эттин баасын турукташтырууга багытталган долбоор башталды

204

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ири долбоорду ишке ашыра баштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбалар уюштурулат.

Баштапкы этапта 2 миң 500 баш бодо мал бордоого коюлат. Ал эми жакынкы эки жыл ичинде бул көрсөткүч этап-этабы менен көбөйтүлүп, бордоп семиртилүүчү малдын саны 20 миң башка жеткирилет.

Ведомство белгилегендей, долбоор министрликтин өз каражатынын эсебинен каржыланат.

Министрликтин маалыматына караганда, бул демилге ички рынокту эт менен туруктуу камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

205