7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп токой чарбасынын экс-жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

244

Токой кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө токой чарбасынын мурдагы директору кызматтык абалынан пайдаланып, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу менен мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Ошондой эле ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени айтылат.

УКМКнын маалыматына караганда, 7-июлда мурдагы директорго Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

245