7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан кагаз калдыктарын экспорттоого чектөө киргизди

230

Министрлер кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан экспорттоого убактылуу тыюу салды.

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификацияланган регенерациялануучу кагазды жана картонду өлкөдөн сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынат.

Чектөө транзиттик жүктөргө жана Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамга жайылтылбайт.

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

231