«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн электр менен камсыздоону санариптештирүүчү дата-борбордун иши менен тааныштырды.
Министрдин маалыматында, Кыргызстандын энергетика системасында электр энергиясын эсепке алуу жана башкаруу процесстерин санариптештирүүгө багытталган Борборлоштурулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (ЭКЭАТ) ийгиликтүү ишке киргизилип, учурда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
«ЭКЭАТ долбоору Кыргызстандын энергетика тармагындагы санариптик трансформациянын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Долбоордун негизги максаты – электр энергиясын керектөөнү так эсепке алуу, маалыматтарды борборлоштурулган түрдө башкаруу, эсептөөлөрдүн ачыктыгын жогорулатуу жана электр тармактарындагы жоготууларды азайтуу. Долбоор 2023-жылы өлкөнүн Энергетика министрлигинин демилгеси менен Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосунда башталган. Анын жалпы бюджети 10,5 млн долларды түзөт. Долбоордун алкагында Корея Республикасы тарабынан заманбап сервердик жабдуулар жана 10 миң 618 «акылдуу» эсептегичтер берилди», – деди Рысбеков.
Ал ошондой эле долбоордун негизги объектиси болгон заманбап дата-борбор «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын базасында түзүлүп, өлкө боюнча орнотулган акылдуу эсептегичтерден келген маалыматтарды кабыл алуу, иштетүү жана башкаруу функцияларын аткараарын маалымдады.
«Дата-борбор бирдиктүү маалыматтык платформа катары иштеп, электр энергиясын эсепке алуу системасындагы бардык маалыматтарды борборлоштурууга мүмкүндүк берет. Ал келечекте республика боюнча 1,5 миллионго чейин акылдуу эсептегичтердибашкарууга эсептелген. Системанын иштөө принциби жөнөкөй, керектөөчүлөргө орнотулган акылдуу эсептегичтер электр энергиясын пайдалануу боюнча маалыматтарды автоматтык түрдө борбордук системага жөнөтөт. Ал маалыматтар талданып, керектөөнүн көлөмү, тармактардагы жүктөмдөр жана мүмкүн болгон жоготуулар боюнча так маалыматтарды алууга шарт түзөт», — дейт министр.
Ошондой эле ЭКЭАТты ишке киргизүү менен бир катар маанилүү натыйжаларга жетишүү күтүлүп жатканы кабарланды.
Жыйынтыгында дата-борбор энергетика тармагындагы маалыматтарды башкаруунун жаңы моделин түзүүгө мүмкүндүк берип, келечекте “акылдуу” энергетика системасын өнүктүрүүгө негиз болору белгиленди.



